Сокулукта унаа сүзүп кеткен жаран ошол жерден каза болду
Сокулук районуна караштуу Романовка айылында айдоочу 40-45 жаш чамасындагы эркек кишини сүзүп кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 8-ноябрда, саат 20:20лар чамасында Фрунзе көчөсүндө болгон. Чыгыш тарапты көздөй Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа менен бара жаткан 54 жаштагы айдоочу болжол менен 40-45 жаштардагы эркек кишини сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгон.
Окуя боюнча топтолгон маалыматтын баары Сокулук райондук тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.