super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Журналистке бычак сайган окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган жок"

 

Жалал-Абадда журналистке бычак сайган окуя боюнча жабырлануучу укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Санрабия Сатыбалдиева аттуу жаранга белгисиз жаран бычак сайган окуя боюнча жабырлануучу өзү арыз жазган жок. Ошондой эле ал телеканалда эмес, интернет булактарынын биринде жеке канал ачып, журналисттик ишмердүүлүгүн улантып жүргөн. Ошондой эле Сатыбалдиева медициналык экспертизадан өтүү сунушунан баш тартып койду. Учурда окуя өндүрүшкө катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 9-ноябрда саат 10:30дар чамасында Санрабия Сатыбалдиеваны үйүнүн жанынан белгисиз адамдар бычактап кеткендиги маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.11.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул деген черный пиар деп койот.
10.11.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүн элге пиарлап,таанымал журналист болсо да бир жөн.Керек болсо чынчыл Уланга да мынчалык эчким катылган эмес!!!
10.11.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мүмкүн коркуп калгандыр... шарт эле пиар деп баштайсынар. Көрөт элем силерди ал кыздын ордунда болгондо..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: