Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов Таласта өзүнүн эстелигинин ачылышына катышты

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын айкели орнотулуп, анын ачылышы 10-ноябрда болуп өттү. Алардын арасында Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкуловдун эстелиги да бар. Иш-чарага Алиясбек Алымкулов өзү да катышып, эстелигин өзү ачкан. Учурда бул окуя коомчулук тарабынан катуу сынга алынып жаткан кези.
Орнотулган эстеликтер боюнча Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов: "Эстеликтерди орнотуунун демилгечиси эл. Аларды тургузууга корогон каражатты эстелиги орнотулган атуулдардын жакындары жана коомдук уюмдар чыгарган. Жалпысынан 2 миллион сом акча сарпталган", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
4

Эстелик тургузуш керек. Бирок олгондон кийин. Келечекте жаштар билиш керек. Мунун мааниси зоор. Апрель баатырларына таазим. Апрель окуясын унутпашыбыз керек. Ушул куну 100 000 эл кан ичкен Бакиевдин бийлигинен кутулган. Максим Бакиевден кутулган.
Сен жаныласын. Чыныгы баатырлар деп эсептейбиз.- Бакиевтер өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн, кыргыз элин кордогон саясатын, , элди жакырчылыкка алып бара турган саясатын, үй-бүлөлүк саясатын сактап калыш үчүн 90 ашык адамды набыт кылды. Канчасын жаркат майып кылды Мындай кыргыз тарыхында президент болгон эмес.
7 апрель куну миндеген эл жон эле аянтка чыккан эмес. Бакиевдин бийлигине каршы чыгышкан. Так что чычалабай отура бергиле.