super.kg logo

Калифорния штатындагы токойдо чыккан өрттөн каза болгондордун саны 23кө жетти

 

АКШнын Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрттөн каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул маалыматты Associated Press маалымат булагы жазды. Жергиликтүү басылмаларда буга чейин каза болгондордун саны 11 адам болгонун кабарлаган. Өлгөн адамдардын жансыз денелери күйүп кеткен унаалардын жана үйлөрдүн ичинен табылган. Белгисиз болуп жаткандардын саны 35ке жакын. Алардын баары Парадайс шаарынын тургундары. Мындан тышкары тилсиз жоо жакындап келе жаткан Малибу, Калабасас жана Агаура шаарларынын жашоочулары да коопсуз жайларга чыгарылууда. Эми кырсык Лос-Анжелес шаарына да жакындап баратат.

Өрт Парадайс шаарын толугу менен күйгүзүп кетти. Шаарда жашаган атактуулар эвакуацияланган 250 миң адам менен кошо коопсуз аймактарга чыгарылууда. Алардын арасында модель Ким Кардашьян, режиссёр Гильермо дель Торо, ырчылар Леди Гага жана Шер бар. Ошондой эле Агура-Хиллз шаарында жайгашкан "Paramount Pictures" кинокомпаниясынын бир нече фильмдери тартылган тартуу аянтчасы, ранчосу менен кошо күйүп кетти.

Калифорниядагы бул өрт штаттын тарыхындагы эң ири кырсык катары эсептелүүдө. Кырсык 8-ноябрь күнү башталган. Бардык коркунуч жаралган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.11.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пай пай пааай
11.11.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа кайтып келет!!! Сирия,Ирак,Авганистан,Ливия,Украина ж.б
11.11.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-han, тууган АКШ өкмөтү менен элдерин салыштырба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: