super.kg logo
  Спорт  

Дзюдочу Владимир Золоев Өзбекстанда өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

 

Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу, дзюдочу Владимир Золоев Өзбекстанда өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медалды жеңди. Турнир Ташкент шаарында өтүүдө. Ал 10-ноябрда 81 килограмм салмак ченинде күрөшкө чыгып, Германиядан келген спортчу Тим Грамковду жеңип алган. Андан соң жарым чейрек финалда орусиялык спортчу Абас Азизовду да утуп алды. Чейрек финалда казакстандык спортчу Казымухан Өтеулиев менен кезигип, аны 2 мүнөттүн ичинде жеңип алды.

Жарым финалдын алкагында Золоев монголиялык Наямсурен Дагвасуренге жеңилип, коло медаль үчүн күрөштө Венгрия өлкөсүнөн келген Аттила Унгаварини иппон менен утуп, коло медалды тагынды.

Өзбекстандагы бул мелдеш 9-11-ноябрь аралыгында Ташкент шаарында өтүп, ага 48 өлкөдөн 383 дзюдочу, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышууда. Золоев катышкан салмак категориясында Кыргыз өлкөсүнөн барган дагы бир спортчу Эрлан Шеров алгачкы айлампада эле атаандашына жеңилип, медаль үчүн күч сынашуудан четтетилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: