Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызмат ордуна Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги сунушталды
Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызмат ордуна Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 13-ноябрдагы жыйынында каралат.
Ибрагим Жунусов 2014-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп иштеп келет. Өлкө мыйзамына ылайык, элчи 3 жылдык мөөнөт менен дайындалат. Эгер жакшы иштеп өзгөчөлөнө алса, анда элчилик кызмат орду дагы бир жылга узартылат.
Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызмат орду 2018-жылдын март айынан бери бош турат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

