super.kg logo
  Саясат  

Республикалык жаштар конгрессинин жыйыны өттү. Анда жаштар долбоорлору менен тааныштырды

 

Бүгүн, 12-ноябрда республикалык жаштар конгрессинин жыйыны өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаштар өлкөнүн канаты жана тиреги экенин белгиледи. "Бардык облустардан келген жаштар чогулуп, демилгелерин ортого салып жатат. Айтылган демилгелерди колдойм. Жаштар өлкөнүн канаты жана тиреги болуп эсептелет. Мамлекет жаштарга шарттарды түзүп бериши керек. Бүгүнкү жыйында жаштар жакшы долбоорлорду көрсөтө алды. Жаштар бар жерде кыймыл бар. 2018-жылы эмнеге "Аймактарды өнүктүрүү жылы" болуп жарыяланды? Анткени аймактарда өндүрүлгөн продукциялар экспортко чыкпай, миграция күч алды. Айыл жеринде өндүрүлгөн продукциялар башка өлкөлөргө экспорттолуп, башка өлкөлөр менен атаандаш болушубуз шарт.

"Ачык асман" долбоору тууралуу айтсам, экология боюнча көйгөйлөр Кыргыз мамлекетинде эле эмес, дүйнө жүзүндө орун алган. Экологиялык роликтерди телеберүүлөрдө акысыз чагылдыруу боюнча сунуш айтылды. Роликтерди даярдасаңар телеберүүлөрдөн убакыт алып беребиз", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: