super.kg logo
  Саясат  

Президент жаш балдарды жыныстык зомбулуктан коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган. Ал жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигин кылмыш-жазасын күчөтүү жолу менен коргоо максатын көздөйт. Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилген:

 

- 63-берененин 7-бөлүгү, ага ылайык, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбай турган ченем менен толукталган.

 

- 129-берене (зордуктоо) жаш кызга карата жасалганда 15-20 жылга чейин, ал эми ошол эле жосун жашы жете элек кызга карата жасалганда 20 жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазалоону белгилөө менен жаңы редакцияда берилет.

 

- Ушуга окшогон түзөтүүлөр 130-беренеге (сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракеттери) да киргизилген.

 

- 131-беренеде (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) жазалоонун альтернативдүү түрү – айып алынып салынат, ошол эле учурда бул берене 2-3-бөлүктөр менен толукталган. Аларга ылайык, жашы жете электерди сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө (жаш кыз-балдарга карата жасалганда 5 жылдан 8 жылга чейин) эркиндигинен ажыратууга 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жазаланат. 

 

- 133-берене (ыплас аракеттер) жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык,  18 жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда - 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Ошол эле учурда ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда - 3 жылга чейин педагогикалык же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

 

- 260-берене (сойкулук жасоого тартуу) жана 261-беренеге (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) ылайык, бул жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, ал эми жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: