super.kg logo

Москвада 3 ай ооруканада жатып оор абалда Бишкекке алып келинген Кыргыз жараны операциядан кийин сүйлөп калды

 

Москвада 3 ай бою ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жараны Бишкекке алып келинген. Бир апта мурун ага экинчи ирет операция жасалып, учурда ал ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG'ге Талас Турубаевдин жеңеси Гүлнара Нурбекова билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин дарыгерлер Т.Турубаев өмүрүнүн аягына чейин сүйлөй албай калышы мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал Бишкекке алып келингенден кийин ага экинчи ирет операция жасалды.

"Бир жума мурун ага экинчи ирет операция жасалды. Дарыгерлер бүгүн анын моюнунан чыгып турган түтүктү силикон түтүккө алмаштырышты. Учурда абалы канааттандырарлык, бирок жаңы түтүккө көнбөй кыйналып жатат. Жаңы эле дарыгер келип, ага ооруну басаңдатуучу дарыны сайып кетишти. Түтүктүн үстүнөн басып акырындан сүйлөп жатат. Дагы бир жумадай ооруканада жатат, анан үйгө чыгарып кетебиз. Жакынкы убакыт аралыгында анын башына да операция жасалат. Дарыгерлер тиешелүү анализдерди алып, анын башына суу толуп кеткенин айтышты. Азырынча алар кайнибиздин абалын көзөмөлдөп жатышат. Уулу менен жолугуша элек, абалы жакшырганда жолугушмай болду", - деп билдирди Нурбекова.

Эске салсак, SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан. Макала чыккандан кийин анын Кыргыз жериндеги туугандары табылган болчу.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
12.11.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озум жаздым еле башында жакшы болуп кет
12.11.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздын врачтары деле кыйын, жакшы болуп кетсин
12.11.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ма Ша Алла! айыгып кетсин
13.11.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылыктар да болот экенго... Жарыяга берген кыз чон сооп иш кылдын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: