super.kg logo

Бишкекте 90 жаштагы абышканы мас абалында себепсиз сабаган адам 2 айга камакка алынды

 

Бишкекте 90 жаштагы абышканы мас абалында себепсиз сабаган адам 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, улгайган кишини сабоого шектелип кармалган 40 жаштагы Т.Д. аттуу жаранга Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин белгилүү болгондой, сурак учурунда ал 90 жаштагы Г.Н. аттуу шаар тургунун себепсиз урганын билдирген. Окуя болгон учурда ал мас абалында болгону да аныкталган.

Эске салсак, окуя 7-ноябрь күнү Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базардын жанында орун алган. Анда белгисиз адам көчөдө кетип бараткан улгайган кишини сабап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 90 жаштагы жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: