Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз балбаны Ринат Ильяс уулу мелдештин жарым чейрек финалына чыкты
Бүгүн, 12-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү 5 салмак ченинде беттештер өтүүдө.
Кыргыз өлкөсүнөн бул күнү 4 балбан медалдар үчүн күч сынашып жатат. 77 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Ринат Ильяз уулу алгачкы беттеште Марек Никлас менен кез келип, 11:0 эсеби менен утуп алды. Бул жеңиши менен Ильяз уулу жарым чейрек финалга аттанды.
Бүгүн дагы Балбай Дордоков, Тынар Шаршенбеков жана Калидин Асыкеев өз салмак чендеринде күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.