super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 22-ноябрга дайындалды

 

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө байланыштуу кезектеги соттук отурум өтмөк. Бирок айыпталуучунун биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу ишти карап жаткан судья отурумду жактоочунун өтүнүчү менен 22-ноябрга саат 15:00гө жылдырды.

Ошондой эле бул кылмыш иши боюнча соттук отурум 23-ноябрь күнү да саат 10:00дө уланат.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.11.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлгөнү бир азап, комгону бир азап болду го,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: