super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: “Алиясбек Алымкуловго эстелик тургузулганын туура түшүнүү менен кабыл алуу керек”

 

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди.

Ал Алиясбек Алымкуловго айылдаштарынын демилгеси менен эстелик тургузулганын айтты.

“Алиясбек Алымкуловго эстелик тургузулгандан бери социалдык түйүндүн колдонуучулары аны тепкилеп жатышат. Ич күйдүүлүк кылбаш керек. 7-апрелде каза болгондорго жана Алымкуловго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам Роза Отунбаева президент болуп турганда берилген. Ага бул наамды берүүнү “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси колдогон. Ал революциянын алдында жүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыктуу. Алымкуловго эстелик тургузулганын туура түшүнүү менен кабыл алыш керек. Анын айылдаштары сыймыктануу менен бизден баатыр чыкты деп эстелик тургузса керек. Тирүү адамга эстелик тургузуу туура эмес болуп калат. Бирок айылдаштары демилге көтөрүп, эстелик тургузгандан кийин туура түшүнүү зарыл. Алымкулов өзү макул болбосо дагы айылдаштары “биздин баатырыбызсың” деп эстелик тургузуптур”, - деди Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарандык активисттер Алга Кылычев, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: