Бишкекте 300 долларлык пара талап кылган мектеп директору кармалды
Окуучуга аттестат берүү үчүн анын эжесинен баасы 300 доллар турган принтер-сканер талап кылган мектеп директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Бул факты боюнча 8-июлда "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "милдеттүү жалпы билим берүү жөнүндө мыйзамды аткарбоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен шаардык прокуратуранын өкүлдөрү ыкчам чара көрүп, мектеп директору принтер-сканерди алып жаткан учурда иш бөлмөсүнөн кармашкан. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Сунушуузга рахмат! Бирок күнөөсү далилденип, соттун өкүмө чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат.