super.kg logo
  Саясат  

Активист Өндүрүш Токтонасыров: "Тирүү туруп эстелик тургузуу өзүн-өзү пропагандалоого, мактоого жатат"

 

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал көзү тирүү кезинде эстелик тургузуп алган жаман адат деген пикирде.

“СССР убагында деле кээ бир генерал, майор, социалисттик эмгектин баатырларына эстелик тургузулчу. Жаштыгына карабай Алымкуловдун эстелик тургузганы өөн, туура эмес көрүнүш болуп калды. Анын баатырдыгында шек жок. Апрель окуясында жарадар болгон, өзүнүн салымын кошкон. Бирок өзүнө эстелик тургузганы туура эмес. Бир гана Алымкулов эмес, башка Кыргыз өлкөсүнүн көрүнүктүү инсандары ушундай адаттан баш тартышса жакшы болмок. Тирүү туруп эстелик тургузганы өзүн-өзү пропагандалоого, мактоого жатат. Кыйын адамдарды эстеликсиз деле эл эскерет”, - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, экс-депутаттар Каныбек Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: