super.kg logo

Бишкектеги Ботаникалык бактан жансыз абалда табылган адамдын аты-жөнү аныкталды

 

Бишкектеги Ботаникалык бактан жансыз абалда табылган адамдын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына өткөрүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына күч органдарынан билдиришти.

Ботаникалык бактан 9-ноябрь күнү эртең менен асылган абалда табылган адам 1991-жылы туулган М.А. аттуу шаар тургуну экени аныкталды. Анын асылып турганын көргөндөр бул тууралуу милицияга билдиришкен. Аталган жерге барган кызматкерлер ал жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн арасында рюкзагынын асынгычтарына асынып алганын көрүшкөн.

"Маркумдун денесинде кыйноо белгилери жана адам тарабынан келтирилген зыяндын белгилери табылган эмес. Окуядан бир күн мурун ал туугандарынын үйүнө барып, урушуп кеткен соң ал жактан кетип калган экен. Жанындагы рюкзагынан маркумга таандык ноутбук жана арактын бөтөлкөсү табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти SUPER.KG'ге.

Белгилүү болгондой, маркум кечээ, 11-ноябрда жерге берилген. Айрым маалымат булактары ал белгилүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкуловдун небереси экендигин жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: