super.kg logo

Бишкекте жүк ташуучу унаа жолдун жээгинде турган 3 унааны сүзүп кетти

 

Бишкек шаарында жүк ташуучу унаа жолдун боюнда турган 3 унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрда борбордогу Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 16:40тар чамасында болгон. Анда жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келе жатып, жолдун жээгинде турган Фольксваген Пассат, Мазда жана Тойота Виндом үлгүсүндөгү унааларды сүзүп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, мындай факт катталганын жана жол кырсыгынан эч ким жабыркабаганын билдиришти.

Буга чейин аталган көчөлөрдүн кесилишинде жол чырак жок болгондугуна байланыштуу ал жерде жол кырсыктары көп катталып келгендиги айтылган. Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгынан бул маселе боюнча: "Аталган көчөлөрдун кесилишине 2018-жылы жол чырак орнотуу пландалган эмес. Жол белгилерди жана жол чыракты орнотуу 2019-жылдын титулдук долбооруна киргизүү үчүн сунушталды", - деген жооп узатышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: