Өлкөдө бодибилдинг жана фитнес бикини боюнча мелдеш өтөт
Ушул жылдын 16-декабрында бодибилдинг, менс физик жана фитнес бикини боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Бодибилдинг жана фитнес федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, уюштурулуп жаткан мелдешке өлкөдөгү жана КМШ өлкөлөрүнөн спортчулар катышат. Мелдеш Бишкек шаарындагы спорт сарайында өтөт.
Мындай чемпиондукту уюштуруунун максаты - бодибилдинг менен фитнести IFBB версиясында калкка жайылтуу, жашоочуларды спорт менен алектенүүгө чакыруу, сергек жашоо образын пропагандалоо, атлетчилердин чеберчилигин арттыруу. Муну менен катар эле Кыргыз өлкөсүнүн бодибилдинг боюнча курама командасын куроо жана КМШ өлкөлөрүндөгү спортчулар менен жакшы алака түзүү экендиги жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.