super.kg logo

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу эки аптадан бери токтоп турат

 

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар октябрь айынын соңунда кайрадан иш таштоого чыгышкан. Өз атын атоодон баш тарткан жумушчулардын бири SUPER.KG'ге дале жумушка чыга электигин 12-ноябрда кабарлады. Анын айтымында, айлык акылары берилмейинче эч бири ишке чыкпай турганын айтып тарап кетишкен.

"Мен август, сентябрь жана октябрь айында иштеген эмгек акымды ала элекмин. Айрымдары төрт айдын айлыгын ала албай жүрүшөт. Иш аткарып жаткан "Лонг-Хай" компаниясына барсак "келаткан биринчи күнү болот" деп айткандан башка жообу жок. Ошондуктан эки аптадан бери жумушка чыга элекпиз. Айлык берилбегендиктен жеке компаниялар да ижарага берип жаткан техникаларын алып кетип калышкан", - деди иш таштоого чыккан жумушчулардын бири.

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталып, ишти "Лонг-Хай" компаниясы аткарууда. Анда иштеген жумушчулар 2017-жылдын декабрында жана 2018-жылдын май айында да айлык маяналары берилбей жатканын айтып иш таштоого чыгышкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: