Жогорку Кеңештин комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын иши менен таанышуу үчүн көчмө жыйын өткөрө турган болду
Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Мамлекеттик каттоо кызматынын иши менен таанышуу үчүн көчмө жыйын уюштурууну сунуштады. "Мамлекеттик каттоо кызматынын иши боюнча суроолор көп болгондуктан жерине барып жыйын өткөрүүнү сунуштайм", - деди депутат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетиндеги депутаттар Тиллаевдин сунушун колдоду.
Учурда жыйында "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.