Декларация: Соцфонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров былтыр 667 миң сом киреше тапса, үйү жана унаасы жок экен
КРнын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров 2012-жылы негизги иш ордунан 667 107 сом киреше тапкан. Бул маалымат анын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында жазылган. Үй-жайы жана унаасы боюнча маалымат берген эмес. Ал эми анын жакындары 2012-жылы 130 миң киреше тапса, 54 чарчы метр жерди ээлеген бир батирге, 124 чарчы метр аянтты ээлеген дагы бир батирге ээлик кылышат экен. Алардын кыймылдуу мүлкү 1994-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц Е 320 унаасы деп белгиленген.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















