Интернетти жакшыртуу үчүн алынып жаткан 50 миллион долларлык келишим тармактык комитетте жактырылды
Өлкөдөгү интернетти жакшыртуу боюнча 50 миллион доллар каражат алынууда. Аталган макулдашуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды.
Маалыматка караганда, аталган каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө.
Аталган макулдашуу Кыргыз өлкөсү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев бул долбоор 2023-жылдын 31-майында бүтөрүн айтты.
Депутат Каныбек Иманалиев долбоор эч кандай көйгөйдү чечпей турганын айтып, 50 миллион доллар кайсы иштерге жумшалары так эмес экенин белгиледи. Шаршембиев бул макулдашуу Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жыйынтыгында аталган макулдашуу биринчи окууда колдоо тапты.






1 |