super.kg logo

Маданият, маалымат жана туризм министри: "Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңүздөрдү суранам"

 

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка кайрылуу жасады. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, өз сөзүндө министр чыгармачыл адамдардан ага сыйлык сурап эмес, жаңы идеялар менен келүүсүн өтүнгөн.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө министрликке келгендердин 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселелери менен келип жатышат.

"Бул көрүнүштү токтотуубуз керек. Жалпы жарандык коомчулуктан мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам. Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп, мага арка бел болууга чакырам.

Министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды кароо боюнча катчылыкка жөнөтөрүн белгилеп кетким келет", - деген Жамангулов.

Ошондой эле ал жалпы маданият тармагында жасала турган негизги багыттарга токтолгон.

"Кыргыз элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство, кесиптик классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү керек. Ошол эле учурда туристтик сектордо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалын көтөрүү жана эл аралык аренага Кыргыздын кадыр-баркын калыптандыруу милдети эң негизгилерден болуп турат.

Биз улутубуздун улуулугун, тарыхыбыздын тактыгын, руханий байлыгыбыздын, унутта калып бара жаткан улуттук каада-салттарыбызды маданиятыбыз менен гана тааныта алабыз. Бул үчүн маданият тармагында эмгектенген ар бир кызматкер өз салымын кошуусу керек. Муну менен катар, маданият тармагындагы эмгектенип жаткан ар бир кызматкер өтөгөн кызматы, маданият тармагына кошкон салымы үчүн өзүнүн баасын алышы керек", - деген ал өзүнүн кайрылуусунда.

Айта кетсек, Жаманкулов мындай пикирди айткан биринчи министр эмес. Мекеменин буга чейинки жетекчилери кызматка дайындалгандан кийин ушундай маанидеги кайрылууларды жасап келишкен.


кошулду





Министр: “Маданият министрлигине келгендердин 90 пайызы сыйлык сурайт, идея менен келгиле”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(11)
13.11.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тузук тузук
13.11.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
САМАРА Каримова дегендин эл артист наамын карап чыккылачы сураныч/Мыйзамга туура келеби же жокпу?
14.11.2018. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslim_KGstana.,эмгек синирген артист...Адаштырбагыла.Ошону карашсын.
13.11.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат! Ылайым ушундай болсун.Ырчыларды, ырларын, кинолорду козомолдогон, чын эле иштеген комиссия тузсо жакшы болмок. Ашмалтайы чыкты ал жак!
13.11.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иштейм деген жигит экен.Ийгилик каалайбыз!
13.11.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акыркы эки министрликке ушул А.Жаманкулов менен У.Кочкоров чогуу бир кундо келди.Экоонон умутум чон,жакшы иштеп берет деген ойдомун
14.11.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мактап туралы жакшы сөзүбүздү аябай. Азамат ушундай иштей берин жана анча мынча ырчылардын наамдарын карап чыгуу керек закон го туура келеби жокпу. Кочкоров мырзага да ийгилик элинер үчүн кызмат кыла бергиле
14.11.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул билдүүрүңүздөн кийин кээ бир нафсини тыялбаган наам сурап бирок наамды сизден ала албай кургак чыккандар эми сиздин жаман жагыңызды издей баштайткоо эми ошолордон этият болуп жүрүңүз алар бул жолдо куулук кылып ар түрдүү жолдорду колдонот. Ишке ийгилик каалайм!
14.11.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айтты да койду да!
14.11.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айттабыг койобу Жаманкуловго элдин үмүтү чоң, татыктуу иштеп берет деген ойдомун.
14.11.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай жетекчилер коп болсо, Кыргызстандагы ордуна татыктуу жалгыз министр ушул бала болду окшойт, Манастын туризм жагын буткон, иним менен группалаш окуп жургондо эле иним бул балага аябай тан калчу кыйын, бир канча тилде эркин суйлойт деп, биздин окмот мындай кадрларды остурчу эмес эле, кандайча болуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: