super.kg logo

Мышыкты темирге байлап, андан кийин атып өлтүргөн видеодогу адам изделүүдө

 

Өлкө аймагында мышыкты темирге байлап алып, аны атып өлтүргөн адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап алып аны атып жатканы тартылган видео тараган. Видеодо болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы киши белгисиз курал менен мышыкты атып өлтүргөн. Ал видеодо: "Азыр карап тургула, мышык өлөт. Дагы бир жолу атабыз, мына өлдү мышык", - деп сүйлөгөн сөздөрү бар.

Видеодо 04KG 580 мамлекеттик номерлүү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны да байкоого болот. Такталбаган маалыматтарга ылайык, окуя болжол менен Жалал-Абад облусунда болушу мүмкүн деп айтылууда.

"Видеодогу адамдын аты-жөнүн тактоо, окуя кайсы жерде болгонун аныктоо иш-чаралары жүрүүдө. Учурда ал адам кармала элек", - деп билдиришти ИИМден.

Айта кетсек, Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.11.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Видеосу жокко?
13.11.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
40-45 эмес андан жаш))
13.11.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу ?
13.11.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кичинемде ккчук багып, кошунабыздын тооктору кирсе кууп бироосун тиштеп койгону учун
Кошуна киши ит менен мышык бир тыйындык зыян келтирсе олтуруш керек деп
Башын балта менен чаап коз алдымда олтуруп салган.
Ушундай закон бар экенин билсем ошондо
Арадан отуз жылдан ашуун убакыт отсо да коз алдыма тартылып кетти ошол окуя
13.11.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр опасный болуп калды, туура эмес суйлосонда интернетке чыгып хит болуп кетчу болдун.
14.11.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кандай белгисиз курал болгону МР 512 4.5(мм) калибр воздушка экенго.
Темболее мышык экен ошого ушунчабы
14.11.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык эмес адам өлтүргөндөрдүн канчасы эркиндикте жүрөт го.
14.11.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар жанылык таппай эле калды тел чыгарып жарыя кылсам деп уят да Эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: