super.kg logo

Жети-Өгүз районунда милиция кызматкерлери тарабынан сабалып каза болду делген жергиликтүү тургундун окуясы боюнча иликтөө жүрүүдө

 

Жети-Өгүз районуна караштуу Покровка айлында бүгүн, 13-ноябрда 25 жаштагы Ынтымак Рыспек уулу аттуу жергиликтүү тургун жерге берилди. Анын өлүмүнө туугандары милиция кызматкерлерин күнөөлөшүүдө. Алардын айтымында, 7-ноябрь күнү маркум менен анын Данияр аттуу күйөө баласы милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган. Кийин экөө ооруканага жеткирилген, 11-ноябрь күнү Ынтымак Рыспек уулу ооруканадан каза болуп калган. Бул окуя тууралуу комментарий алуу максатында облустук милицияга кайрылганыбызда окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун айтымында, окуя 7-ноябрь күнү Кызыл-Суу айлында орун алган. Анда топтолгон адамдардын ортосунда мушташ болгон.

"Окуя болгон күнү Эржан аттуу Жети-Өгүз районунун тергөөчүсү менен убактылуу кармоочу жайдын кызматкери Алибек Кызыл-Суу айлында кетип баратып, мушташып жаткан адамдарды көрөт. Алар арачы түшүп элдерди таратууга аракет жасашат. Ошол учурда жабырлануучулардын бири жерге кулап түшкөн. Чогулуп турган адамдардын бири аны үйүнө жеткирип коём деп айткан. Кийин милиция кызматкерлери окуя болгон жерден кетип калышкан", - дейт басма сөз кызматынын жетекчиси Усубакунов.

Анын айтымында каза болгон Ынтымак Рыспек уулун Жалгыз-Өрүк айылынын Гүлчоро Абыкеев аттуу тургуну чапкан. Муну сурак учурунда күбөлөр да айтып берген.

"Бул окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси жок, факт катталды. Учурда чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Эгер милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталса, алар да жоопкерчиликке тартылат", - деп кошумчалады Усубакунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: