super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат" дейт окурман

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдады.

"Мен Бишкек шаарынан Мырзаке айылына баргам. Келсем бул жакта электр энергиясынан көйгөй жаралып жатыптыр. Кечээ, 12-ноябрда күн бою жарык өчүрүлдү. Кечке маал саат 18:00 чамасында күйгүзүп, түнкүсүн саат 21 чамасында кайра өчүрүштү. Кайсы маалда энергия беришкенин билбейм, бирок бүгүн эртең менен кайра саат 8де өчүрүштү. Мындан улам үйлөр суук, интернет дагы өчүп калат экен. Айыл өкмөткө байланышсак, "саат 5те күйөт" дегенден башка жооп болгон жок. Буга чейин деле маал-маалы менен өчүрүп жатышкан экен. Жергиликтүү калк профилактикалык өчүрүү болсо дагы белгилүү бир убакытта өчүрүшпөйт деп нааразы. Бул Мырзаке айылында эле жаралган көйгөй эмес. Коңшу айылдар Көлдүк, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында дагы электр жарыгы жок", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.11.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзгөндө жайдын күнү да эч себепсиз свет тез тез очот,азыр эми кудай берди да,элдин светинин көйгөйү бүтсө да ,озгондуку ушул акыбал,качан барсаң свет жок...
13.11.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам аликтегичиии?
14.11.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Суу районунун Асан чек айылында да айына кечинде 5-7 жолу электр энергиясын ремонтко шылтап очуруп турат. Азыр да уч кундон бери эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин очурулуп жатат. Тушунбой койдум светти уномдогонубу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: