"Куугунтукка кабылган мусулмандарды коргой алган жок" деген жүйө менен Мьянманын лидери эң жогорку сыйлыгынан ажыратылды
"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжини өзүнүн эң жогорку даражадагы сыйлыгынан ажыратты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланганын чет элдик маалымат булактары жазышты.Саясий кризиске алып келген Ракхайн штатындагы окуялар өткөн жылдын август айынын соңунда полиция бөлүмүнө болгон чабуулдан кийин башталган. Анда 12 укук коргоо органынын кызматкерлери каза болгон. Бийлик буга "Рохинжаны куткаруу армиясы" куралдуу тобун күнөөлөгөн. Рохинжа мусулмандары алардын укуктары чектелип, аларга жарандык берилбей жатканын айтышкан. Мьянма бийлиги алардын көпчүлүгү Бангладештен келген иммигранттар деп айтышкан.
Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары жүрүп жатканда каза таап, 700 миңден ашууну коңшулаш Бангладешке качууга аргасыз болгон. Бириккен Улуттар Уюму басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин "бир улутка кыргын салуу" аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
murat17, baihan07kenjetaev, dastan.bujun,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Эскертүү!