super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Азимбек Бекназаров: "Президенттин келгенине 1 жыл болуп калды. Эми оппозиция пайда болот"

 

Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.

SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди.

Ал күчтүү оппозиция биротоло жок болбойт деген пикирин айтты.

“Күчтүү оппозиция президенттер айткандай парламентте бар. Конституциялык деңгээлде оппозиция деп таанылган Жогорку Кеңеште эки фракция бар. Сыртта дагы бир топ оппозициялык партиялар бар. Бирок биримдиги, ынтымагы жок. Күчтүү оппозиция деп максаты, идеясы бар партияларды, кыймылдарды айтса болот. Бизде ким көбүрөөк президентти сөксө, ошол күчтүү деп айтылып калган. Бирок андай эмес. Бүгүнкү күндө системдүү, идеялуу оппозиция жок. Анткени бардык саясий күчтөр жаңы келген президентке мүмкүнчүлүк берип жатат. Мына бир жыл болуп калды. Эми оппозиция пайда болот”, - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: