super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын өкүлү Бишкек ЖЭБдеги авариядан келип чыккан чыгымдын суммасын айтты

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен келип чыккан чыгымдын суммасын айтты.

“Авариянын кесепетинен келип чыккан чыгым эсептелип чыкты. Жалпы чыгым 89 миллион 699 миң 230 сомду түздү. Экспертиза оңдоп-түзөө боюнча так канча каражат кеткенин аныктап жатышат. ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө экспертиза жүргүзүлүп жаткандыктан созулуп жатат”, - дейт Самидин уулу.

Ошондой эле ал козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө ноябрь айынын аягында соңуна чыга турганын билдирди.

Жыйында "2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана жаңылоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыяны сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтом каралды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: