super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Оппозициясы жок мамлекеттерде "алтындай киши" болсо дагы коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга түшөт"

 

Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.

SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал сынчыл көз караш болбосо бийлик коррупцияга малынарын айтты.

"Демократияны курабыз деген мамлекеттерде күчтүү оппозиция болушу керек. Себеби кайсы бийлик болбосун көзөмөлдөгөнгө, сындаганга булардан башка күч болбойт. Сынчыл көз караш болбосо бийлик коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга бет алып, натыйжасыз жолго түшөт. Бийликтин катачылыктарын элдин атынан оппозиция айтып, көрсөтүп турганы эң туура нерсе. Себеби булар биздин институттардын бири-бирин көзөмөлдөп турган функциясын аткарат. Оппозициясы жок мамлекеттерде "алтындай киши" болсо дагы коррупцияга малынып, туура эмес башкарууга түшөт. Муну биз жүздөгөн жылдар мурун изилденген тажрыйбадан улам айтсак болот", - дейт Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: