super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков Эмгек сиңирген жана эл аралык даражадагы спорт чебери наамына ээ болушту

 
Амантур Исмаилов
Эламан Догдурбек уулу
Акжол Махмудов
Айпери Медет кызы, Байгазы Кенжебаев жана Айсулуу Тыныбекова
Каныбек Жолчубеков
Төрөкан Багынбай уулу
Дарья Маслова
Айсулуу Тыныбекова
Жоламан Шаршенбеков
Айпери Медет кызы

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарында эл аралык мелдештерде Кыргыз желегин желбиреткен спортчуларга Эмгек сиңирген жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери наамдары жана ыйгарылды.

Дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон спортчулар, чет жерде ийгилик жаратып, Кыргыз жергесин дүйнөгө тааныткан спортчулар наамдарга ээ болушту.

Ошондой эле спортчуларды даярдап, аларга көмөк көрсөткөн машыктыруучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучу наамдарына татыды.

Анда Эмгек сиңирген спорт чебери наамын күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү - Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Эламан Догдурбеков, жеңил атлетика боюнча кураманын мүчөсү Дарья Маслова жана жиу-житсу боюнча кураманын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулу алды.

Эл аралык даражадагы спорт чебери наамына күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү татыды. Алар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.

Эмгек сиңирген машыктыруучу наамына дзюдо боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов жана ага машыктыруучу Сергей Кладнов, бокс боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Сүймөнкул Табылды уулу жана жиу-житсу боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Муртазали Муртазалиев ээ болушту.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
13.11.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болсун!Татыктуу инсандар!Туурале.
14.11.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Татыктуу деп ойлойм Айсулуга давно тапшырыш керек эле
14.11.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev,туура айсулуу менен каныбек жолчубековго давно бериш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: