super.kg logo

Өлкөдөн тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн төрт бала Түштүк Кореяга акысыз операция жасатуу үчүн жөнөтүлдү

 

Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн төрт кыргыз бала Түштүк Кореяга акысыз операция жасатууга ата-энелери менен жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Кызыл жарым ай" коомунан кабарлап, балдар кечээ, 13-ноябрда учуп кетишкенин белгилеген.

Мындай акция "Кызыл жарым ай" коомунун Кыргыздагы өкүлчүлүгү менен Түштүк Кореядагы "ГИЛЬ" аттуу медициналык борбордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылып келет. Келишимдин максаты - тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга акысыз дарылоо жүргүзүү. Талас, Ош облустарында жана Бишкек шаарында жашаган төрт баланын ичинен эң кичүүсү 2 жашта болсо, улуусу 4 жашта.

"Түштүк Кореяга барып операция жасатуу, дарылануу процесттери, жол акы сыяктуу бардык чыгымдарды "ГИЛЬ" медициналык борбору каржылайт. "Кызыл жарым ай" коому операцияга жөнөтүүдө эң муктаж болгон балдарды тандап алды. Тандоо дыкат текшерүү менен өтүп, баланын абалы, ал жашаган үй-бүлөнүн жашоо-шарты эске алынды", - деп жазылат маалыматта.

2010-жылы келишим түзүлгөндөн тартып ушул кезге чейин тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга акысыз операция жасатуу үчүн 45 бала Түштүк Кореяга жөнөтүлгөн. Жүрөккө операция жасоо бардык чыгымдарды эске алганда 36 миң долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: