super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоого жетишүү керектигин айтты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүнүн ишин күчтөндүрүүгө жана реформалоого багытталган иш-чараларга даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча стратегияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды. Анын натыйжасында, Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда.

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев сунушталган чаралардын негизги элементтери тууралуу айтып беришти. Анда кадрдык курамдын кескин жаңыртылышы, ачык сынак жыйынтыгы боюнча тандап алынып, тийиштүү даярдыктан өткөрүлчү Кайгуул милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулатылышы каралган.

Ошондой эле кеңешмеде Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтык унаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоо зарылдыгына байланыштуу маселелер каралды. Бул жаңы киргизүүлөр "Коопсуз шаар" долбооруна үндөш жана анын талаптарына дал келет.

"Бүгүнкү күндөгү кырдаал таасирдүү чараларды кабыл алууну талап кылат. Биз түзүмдүк бөлүктөрдүн жалпы ишин сапаттуу реформалоого жана жол кыймылынын гана эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Милиция өзүнүн башкы кызматтык милдеттерин аткарууда жарандарыбыз тарабынан көбүнесе негиздүү сынга жана жемелөөгө кабылып келет. Натыйжалуу ишти камсыздоо жана коррупцияны иш жүзүндө азайтуу аркылуу гана жарандардын милицияга ишенимин кайтарууга болот", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн ишин реформалоо жана күчтөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү, ошондой эле каржылоонун бардык зарыл булактарын караштырууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: