super.kg logo

9 ай аралыгында Орусияга 247 миңден ашуун Кыргыз жараны жумуш издеп барган

 

2018-жылдын январь жана сентябрь айларынын аралыгында Орусияга 247 миң 658 Кыргыз жараны жумуш издеп барган. Мындай маалыматты жергиликтүү ЖМКлар "Орусиядагы Мигранттардын федерациясы" деп аталган коомдук уюмдун маалыматына таянып жазууда.

Ал эми ушул эле 9 айдын ичинде Орусияга Өзбекстандан 3 миллион 400 миң адам барганы көрсөтүлгөн. Анын 1 миллион 573 миң 791и жумушка орношуу максатында барышкан. Экинчи орунда Тажикстандын жарандары турат. Ал жактан 1 миллион 745 миң 554 адам барса, 790 миңдейи жумуш издеп барган. Үчүнчү орунда Украина өлкөсү (347 миң 272 жаран) турса, төртүнчү орунда Кыргыз өлкөсү (247 миң 658 жаран) турат.

Такталбаган маалыматтарда сыртта иштеп жүргөн Кыргыз мигранттардын саны 1-1,5 миллионду түзөт. Анын ичинен Орусияда эмгектенип жүргөндөрдүн расмий саны учурда 600 миңге жакын. Ал эми расмий эмес сан мындан да көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россия берекелуу жер экен жылына ушунча адамды озуно батырып жумуш менен камсыздап келе жатат.
14.11.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарыбызды тилегибиз уй бутсо анан маш алып анан кр да кунумдук жеген ичкенге пул тууй турган нерсе куруп ан биротоло кетуу.... Бирок ошол нерсе аягына чыга албай до сих пор журобуз жарым омурубуз талаада отуп жашоонун кызыгын деле корбой ото турган болдук. Окмоттогулор жыргап уялып да атышат машиналарды минип. Биз барып эле тиргилик кылацын деп барасын кайра кайтууга аргасызсын. Качан онугот экенбиз? Онуктуро турган эр азаматтарды аста чалып жыгытышат. Теги ошол жепжутаттар ата эне тарбиясын
14.11.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тарбиясын корду бекен кой уят бироонун
Ырыскысын талашпа адал жашашыбыз керек дешти бекен? Деп да куноокор болом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: