Балыкчыда 30 жаштагы Уланбек Чокморов изделүүдө. Ал мечитке кеткен бойдон дайынсыз
Балыкчы шаарынын 30 жаштагы тургуну Уланбек Чокморов изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бир тууган агасы Алмазбек Чокморов билдирди.
Уланбек Чокморов 26-октябрда Балыкчы шаарындагы үйүнөн мечитке кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Инимдин мечитке кирип, жума намазын окуп чыкканын көргөндөр бар. Бирок башка маалыматтар жок. Балыкчы шаарында жубайы, эки баласы менен жашачу. Ал арык чырай келип, бою 175 сантиметр. Ошол күнү үстүнө жашыл, ак түстөр аралашкан камуфляж костюм, кара түстөгү баш кийим, кара түстөгү спорттук шым жана ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Инибизди көргөн-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөбүз", - деди ал.
Байланыш телефону:. 0709 03 77 15
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kairhai

14.11.2018. 10:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Даватка кетсе керек да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.