super.kg logo

Интернет аркылуу коопсуз миграцияны жайылтуу максатында флэшмоб жарыяланды

 

Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу коопсуз миграцияны жайылтуу үчүн флешмоб жарыяланды. Анын максаты - жарандарга миграция маселелери боюнча маалымат берүү. Иш-чараны "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.

Флэшмобдун алкагында эмгек мигранттары өзү иштеген жеринде тартылган сүрөтүн интернетке киргизип, каттоого туруу, эмгек келишин түзүү, миграциялык карталарды толтуруудагы маанилүү нерселер тууралуу билдирүү жазышы керек. Катышуучулардын билдирүүлөрүн #СаламМигрант деген хэштег бириктирет.

Флэшмоб иштөө үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга барган өлкөдө жүрүү эрежелерин сактоо маанилүү экенин айтууга багытталган. Каалоочулар 10-декабрга чейин катыша алышат. Атайын комиссия тарабынан мыкты билдирүү аныкталат. Аларга 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өтө турган саамалыкта сыйлуу белектер берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: