Милиция 9 ай мурун жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

Бишкек шаардык милиция 9 ай мурун жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.
Маалым болгондой, болжолдуу түрдө 40-45 жаштагы аялдын жансыз денеси 21-март күнү саат 8:30 чамасында Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуудан каза болгон белгилер табылган эмес.
Жансыз денеси табылган учурда үстүнө ачык көк түстөгү күрмө, кара түстөгү свитер, кара шым жана бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип алган.
Сүрөттөгү аялды таанып-билгендер болсо, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн 0 559 808 580, 0 552 102 670, 0 (312) 352605 телефон номурларына кабарлап койсоңуздар болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
ekaterinburg

14.11.2018. 11:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым...Табылып жерге беришсин эми...Олсон да кор болбой ол болуп калды бу заман!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.