super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору Кыргызстандан чыгарылса, бюджетке 2,5-3 миллиард сом түшпөй калат"

 
2014-жылдын жарымынан баштап “Манас” аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борбору Кыргызстандан чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында донорлордун эл аралык конференциясында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, бул борбор чыгарылса, Кыргызстандын бюджетине 2,5-3 миллиард сом түшпөй калат. “Бул сумма бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2-3 пайызын гана түзөт, ошондуктан ага чоң таасир бербейт”,- деди Оторбаев. Ошондой эле өкмөт мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлорду даярдап жатканын билдирди. “Мунайды кайра иштетүүчү, ферроэритүүчү заводдор ишке кирет, ошондой эле айыл чарба продукциясынын өндүрүмүн жогорулатуу жана туризм өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот”,- деди Оторбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: