super.kg logo

"Бир кадам алдыга" тасмасы аркылуу белгилүү болгон америкалык актриса Женна Дуан ким менен мамиле куруп жүргөнү тууралуу үн катты

 
Женна Дуан жолдошу Ченнинг Татум менен
Актрисанын көңүлүн тапкан актёр Стив Кази

"Бир кадам алдыга" тасмасы аркылуу таанылган актриса Женна Дуан Ченнинг Татум менен ажырашууга расмий арыз жазгандан кийин ким менен мамиле куруп жаткандыгы тууралуу үн катты. Чет элдик басылмалар буга чейин актриса америкалык актёр, ырчы Стив Кази менен сүйүү мамилесин куруп баштаганын жазып чыгышкан.

Акыркы учурда Женна Дуан менен Стив Кази коомдук жайларда чогуу жүрүп, кечелерге жетелешип барып жүрүшкөн. Азырынча актриса сүйүү романы тууралуу кеңири маек берүүдөн баш тартып келет. Бирок ага карата айтылып жаткан кептердин жалган экенин дагы төгүнгө чыгарган эмес.

"Мен жеке жашоом тууралуу билдирүү жасагым келбейт. Бирок менин үй-бүлөлүк жашоомо кызыгып, сөз кылып жатканыңарга рахмат! Аябай бактылуумун", - деген ал өз сөзүндө.

Ал эми Ченнинг Татум дагы британиялык ырчы Жесси Жей менен мамиле куруп баштаганын батыш маалымат булактары жазып чыкты. Азырынча актёр мамилелерин ачыкка чыгарууга шашылган жок.

Эске салсак, Ченнинг Татум менен Женна Дуан ушул жылдын апрель айында эки башка жолго түшкөнүн айтышкан. Бирок жылдыздуу түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан эмес. Ал эми октябрда Женна Дуан Лос-Анжелес сотуна ажырашуу тууралуу арызын таштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.11.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Донна Жуан менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: