super.kg logo

Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты

 

Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ван Шубао 2006-жылы унаа кырсыгына кабылып, алган жаракатынан эсине келбей комага түшкөн. Ал убакта Ван 36 жашта болчу.

Ал эми Ван Шубаонун энеси Вэй Минъин 75 жашта. Ал уулун 12 жыл күнү-түнү карап, уулу көзүн ачкан маалда дагы жанында болгон. 12 жылдын ичинде баласынын ден соолугу жакшырып кетиши үчүн колунда болгон бардык байлыгын короткон, карызга да баткан. Тамак-аш алууга каражаты жетпей бир ай жалаң суу ичип жан бакканын билдирген.

Вэй Минъинин 12 жылдан соң көзүн ачкан уулунун сакайып кетүүсүнө үмүтү чоң. Учурда баласы кыймылдап, бирок сүйлөй албайт.

"Мен абдан кубанычтамын. Уулум толугу менен айыгып кетет деп үмүттөнөм. Мен ага чейин көз жумбайм", - дейт Вэй Минъин.

Ван Шубаонун атасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Баласы үчүн бардык камкордук энесинин моюнуна жүктөлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
14.11.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Эненин жүрөгү таш жарып кетүүгө да даяр!
14.11.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кудайдын кудурети
14.11.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эненин баласына болгон суйуусунун чеги жок.
14.11.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Молодец. Ата-энебиз биз учун жанын беруугобиз даяр. Атин копчулунубуз ата энеьиз каарыганда кор кылып таштап койуп жатабыз. Бейиш эненин таман астында туугандар. Бирок ошону караган врачтарга да чоон рахмат. Бизде болгондо 12 жыл жмес 12 кундо врачтар оздору эле тынчытып коймок
14.11.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай байкуш эне. Кубанычында чекте жоктур. Уулу өзүнө келип.
Энелер ар дайым аман болушсун.
14.11.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Суйлоп кетсин аман эсен
14.11.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ден соолук берсин сабыр тубу сары алтын. Омуру узун болсун. Ата энелерибизне алкыш. Жараткан Аллахка чексиз шугур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: