super.kg logo

Германияда өсүмдүктүн отоо чөбүн отой турган робот-фермер ойлоп табылды

 

Германияда өсүмдүктөрдүн чөбүн отой турган робот ойлоп табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, робот-фермер отоо чөптөрдөн атайын эгилген өсүмдүктөрдү айырмалай алат.

"Буга чейин отоо чөптөр менен күрөшүүнүн жападан жалгыз жолу - атайын химиялык аралашмаларды талаага чачып чыгуу болчу. Химикаттар отоо чөптөрдү жок кылганы менен өсүмдүктөргө да зыянын тийгизет. Эми жаңы робот бул көйгөйдүн баарын чечет. Бул техника эч кандай химиялык заттардын жардамысыз эле отоо чөптөрдү жок кылат", - деп билдирген ойлоп табуучулардын бири чет элдик басылмаларга.

Робот-фермер астыңкы бөлүгүндө жайгашкан камеранын жардамы менен өсүмдүктөрдү жалбырагынан айырмалап тааныйт. Зыяндуу чөптөрдү аныктаган соң диаметри бир сантиметр болгон түтүгү менен отоо чөптү 3 сантиметр тереңдикке чейин киргизип жиберет. Азырынча сыноодон өтүп жаткан техника 1 секундда 10 зыяндуу чөптү жок кыла алган.

Ойлоп табуучулар чет элдик басылмаларга билдиргендей, робот дагы 2-3 ай сынактан өтөт. Мындан сырткары, жаңы техникага башка функцияларды кошуу каралып жатат. Мунун баарын эске алуу менен робот жай айларынын аягында сатыкка чыгышы мүмкүн.






Германияда отоо чөптөрдү жок кылуучу робот ойлоп табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
14.11.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун го мага бирөө керек
14.11.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Япондор менен немецтер физика менен химияны ото жакшы окушат экен менимче роботтор боюнча ушул эки олко биринчи экинчиликте экен
14.11.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакынкы 100жылда адамзат ишсиз калатго бул кетиште. Завод фабрикалар такси кызматы керек болсо отой турган роботу чыгыптыр
14.11.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизге жеткиче каарып кетебиз го. Ага чейин кетменди колго алып, озубуз эле робот боло туралык.
15.11.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыл заман деген келетго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: