super.kg logo

Мышыкты байлап, андан кийин аны атып өлтүргөн адам кандай жаза алары чечиле элек

 

Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам кандай жаза алары чечиле элек. Бул тууралуу 14-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында, интернетке тараган видео 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында тартылганы аныкталган. Видеодогу адамдын аты-жөнү такталып, 13-ноябрь күнү кечинде кармалып, ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Ал 35 жаштагы Жалал-Абад шаарынын Ильяз К. аттуу тургуну экени белгилүү болду.

"Сурак учурунда ал өлтүргөн мышык өзүнүкү экенин билдирген. Учурда аталган жаранга айып пул салынабы же коомдук ишке тартылабы чечиле элек. Аны сот аныктайт", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, бир нече күн мурун интернетте белгисиз адам мышыкты темирге байлап, андан кийин аны атып өлтүргөн видео тараган. Интернет колдонуучулар жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган адамды таап, аны жазалоону өтүнгөн.

Жаза процессуалдык кодексине ылайык, өлкө аймагында жаныбарларга карата мыкаачылык менен мамиле жасагандарга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат же 120 сааттан 150 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.11.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайберен акилбирсти аткандарды ушундай тез табышса экен.
15.11.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
16.11.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун кордум байкуш мышыкка аябай боорум ооруду. Ал эмне кылганы? "Мышыгым оорулуу эле" дейт. Оорулуу болсо ветеринарга корсотпойт беле азаптап олтурбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: