super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовдун жарандыгы боюнча сотко берген арызын кайтарып алды

 

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу сот иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-ноябрда жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады. Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кулматовдун жарандыгы боюнча сотко берген арызын кайтарып алды.

"Сот отуруму башталганда департамент тарабынан ишти кароосуз калтырып, арызды кайтарып алуу боюнча кат келгени белгилүү болду. Ишти караган судья департаменттин өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароону токтотту. Ушуну менен эч ким арыз бербегендей болуп иш токтотулду. Менимче, департамент Кулматовдун паспорту жараксыз экендиги боюнча сотко арыз бере албай турганын түшүндү окшойт", - деди Слесарев.

Аталган департамент ушул жылдын август айында Кулматовдун ID жана жалпы жарандык паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи Май райондук сотко арыз берген. Анда Кулматов 1996-жылы Орусиянын жараны болуп туруп Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алганы көрсөтүлгөн.

Учурда Кулматов УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында кылмыш иши токтотулат.Анан акталат.Корупция менен күрөш жөн эле шоу жакында калгандары сүттөн ак болуп чыгат.ТЕЦке алынган карыз элдин мойнуна илинди болду.
14.11.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014-жылы К.Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы тарабынан мектеп курулушу үчүн берген 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда. Ошондой эле, Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн. АКШ долларын которгонго жетишкен. Ошондой эле, Калыс Ордодогу мектептин курулушу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом бөлү
14.11.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулматов дагы эмненин башынан чыкканы калды. Паспортун тартып алыш керек. Деги таза бир нерсеси калыптырбы. Атамбаев ушундай кадрларга ишеним Кыргызстанды тоноп жок кылганы калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: