Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөп жибергендер табыла элек
Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жибергендер табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Режиссёрдун унаасын уурдап, өрттөп салган факты боюнча териштирүү иштери уланып жатат. Азырынча алар табыла элек" деди басма сөз катчы.
Ал эми режиссёр Болот Шамшиев төмөндөгүлөргө токтолду.
"Унааны 1993-жылы сатып алгам. Балдарым алмаштырып берели дегенинен көнүп калганым үчүн макул болбой койгом. Кимдер, эмне максатта уурдаганын билбейм. Бирок бул кокустук эмес, мага карата жасалган, атайын уюштурулган иш экенин сезип турам", - деди режиссёр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.