super.kg logo

Ташчайнар лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров Орусиянын “Минута славы” долбооруна катышат

 
Ташчайнар лакап аты менен элге таанылган балбан Нурлан Алишеров 7-августта Орусиянын “Минута славы” долбооруна катышат. Бул тууралуу балбандын досу Максат Чакиев билдирди. Айтымында, Ташчайнар тандоо туруна катышпай эле, дароо 1-айлампага чакырылган. “Жеңүүчүлөр "Сочи-2014” Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышууга расмий түрдө укук алышат. Кудай буюрса, Ташчайнар жеңет деген ишеним бар. Ал жерде балбан мурунку өнөрлөрүн тартуулоо менен бирге жаңы номерлерди да көрсөтөт,- деди ал. Ошондой эле Чакиев учурда каражат тартыш болуп жатканын белгилеп өттү. “Азырынча Кыргызстан тараптан колдоо жок болуп жатат. Тескерисинче, Орусия тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө. Каражат жагынан жардам берем деген кыргыз уулдары болсо жакшы болмок. Ар бир номер үчүн кийим тиктирүү, тиешелүү материалдарды алуу сыяктуу чыгымдарга көп акча сарпталат экен. 2011-жылы дагы чакыруу алып, тилекке каршы, акча жок болуп катыша албай калган”,- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
11.07.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз элибизден чыккын балбандарды мамлекет колдоо корсотпосо уят эле. Орустар жаржам берип уят кылат экен эми. Жардам берем деген жакшы адамдар чыгаар кыргыздан....
12.07.2013. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
создун кыскасы колдо бар алтындын баркын билбей жатат го бийликтегилер,ертен ташчайнар женип келсе биздин еле желек желбирейт Кыргызстандын аты чыгат,неужели бийликтегилердин тооктой болгон башына мындай нерсе жетпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: