super.kg logo

"Кыргызалтын" ишканасы "Макмал" кенин иштетүүгө сынак жарыялады

 

"Кыргызалтын" ишканасы "Макмал" алтын кенин иштетүүгө сынак жарыялады. Кенди иштетүүнү каалаган тараптар сынакка катышуу үчүн 14-ноябрдан тартып бир ай ичинде "Кыргызалтын" ишканасына арыз берүүсү керек.

Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бир айдан кийин мекемелер аралык комиссия тарабынан беш жумушчу күндүн ичинде келген сунуштар каралып, чечим кабыл алынат.

Комиссия курамына өкмөттүн алдындагы тийиштүү комитет менен агенттиктердин жана Тогуз-Торо районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирет.

Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо критерийлери:
- “Макмал” алтын комбинатынын филиалы долбоор боюнча жергиликтүү элге максималдуу түрдө жумушчу орундарын берүү;
- Кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу;
- Кыска мөөнөттө жаңы алтын ылгоо фабрикасын ишке берүү жана мурунку турган алтын ылгоо фабрикасын модернизациялоо;
- Долбоорду каржылоо башка уюмдардан же банктан эмес, потенциалдуу инвестордун өзүнүн каражатынан болушу;
- Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын салымдын өлчөмү (биргелешкен коомдун дүң кирешесинен (түшкөн пайда) 1 пайыздан кем эмес болушу керек);
- Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү максатында тармактык эмес өндүрүштү уюштуруу (капиталдык салымдын суммасына жараша);
- Тоо кен казып алуу тармагында иш тажрыйбасынын болушу, анын ичинен башка өлкөлөрдө дагы.

"Кыргызалтын" ишканасы сентябрда “Макмалда” алтындын кору түгөнгөнүн айтып, алтын ылгоо фабрикасы өз ишин токтотконун жарыялаган. Бирок жыл аягына чейин кен чыккан жерди изилдөө, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү үчүн сынак жарыялоону пландаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.11.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Katywpay ele koygula baribir kitay tuugandar utat kombinat iwin toktoto elekte ele bul iwti chechip koysonor kerek kim utuwun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: