super.kg logo

Бишкектеги карылар үйүндө жашап жаткан жарандын туугандары изделип жатат

 
Биринчи Май районунда жайгашкан карылар үйүндө Медер аттуу жаран жашап жатат. Бишкек мэриясы анын туугандарын табуусуна кыргыз элинен жардам сурайт.

Белгилүү болгондой, шаар тургуну Медер аттуу жаранды 9-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Анын ден соолугун текшерүү үчүн "Тез жардам" кызматы, бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган. Текшерүүдөн кийин анын психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган.

"Бишкектин социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Медер аттуу жарандын жакындары табылганга чейин анын карылар үйүндө жашап туруусу боюнча чечим кабыл алынган. Бул жаран тууралуу маалыматыңыздар бар болсо Ленин РИИБине же 0705 848520 телефон номерине кабарлап коюшуңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: