super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Курултай бат жыйынтык бербейт"

 

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.

"Курултайда бардык саясий күчтөрдү, бийлик өкүлдөрүн чогултуп, азыркы оор абал талкууланат. Мурдагы бийлик менен учурдагы бийликтин иштерине баа берилет. Жыйынтыгында бийликке кандайдыр бир деңгээлде мурдагы бийликтин кетирген каталары көрсөтүлөт. Акыркы бир жылда өлкөдө саясий, экономикалык реформалар жасалбай калды. Ошондуктан курултай жолу менен бийликке басым жасоо болуп эсептелет", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: