super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Нурланбек Шакиев: "Курултайдын уюштуруучуларынын дээрлик көпчүлүгү элди тажаткан, эски, жыдыган саясатчылар"

 

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна коомдук ишмер Нурланбек Шакиев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын ою боюнча, мындай курултайлардан элге пайдалуу эч нерсе чыкпайт. "Негизинен өлкөбүздө акыркы жылдары кадимкидей саясий жымжырттык өкүм сүрө баштады. Бул өтө активдешкен кыргыз коомчулугуна бир чети таң калычтуу да, зеригиштүү да көрүнүш болуп бараткан. Андыктан зериккен саясатчылар убактылуу биригишип, негизинен өз кызыкчылыктары менен ушул курултайды ойлоп табышкандай.

Ачык айтайын, мындай курултайлардан элге пайдалуу эч нерсе чыкпайт. Тек гана саясатчылар чоң саясий чайкоочулук жасашат. Курултайдын уюштуруучуларынын дээрлик көпчүлүгү - элди тажаткан, эски, жыдыган саясатчылар. Өлкөбүздүн келечеги үчүн конкреттүү, иштиктүү жаңы эч нерсе айта алышпайт. Баягы эле саясат. Азыр элибиз жаңыча көз карашты, натыйжалуу реформаларды, ар тараптуу өзгөрүүлөрдү күтүшүүдө. Учурдагы президентке азыр отчёт берүүгө али эрте.

Экинчиден, президенттин отчётун бул курултайчылар угууга эч кандай укугу жок. Ал эми мурунку президенттин отчётун угуунун эч кимге кереги жок. Азыр анын кандай иштегенин эл көрүп, жийиркенип турат. Ал эми парламент кантип отчётун берет? Бул нонсенс! Парламентке эл кийинки шайлоо аркылуу баа берет. Ошондо билинет", - деди Шакиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: