Атамбаевдин күйөө баласы: "Бишкектин мэри унаамды оңдоп берсин"
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Бишкек шаарынын мэри унаасын оңдоп берүүсүн талап кылды.
Семетей Султанов социалдык тармактагы баракчасында: "Кимдир бирөө Бишкек шаарынын мэрин көрдүбү? Ал жазында менин унаамдын алдыңкы бамперин оңдоп бериш керек. Жолдор эмнеге айланып калганы белгисиз же Белинский көчөсүнөн (Чыңгыз Айтматов кең көчөсү) башка көчөлөр жокпу?" - деп жазды.
Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү. Ал 2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти кызматын аркалап келет.
Айта кетсек Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 90-орунга чейин (октябрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.
кошулду



Сага Ашаны жактаганына кандайдыр бир% акча болунот окшойт ээ?элдин козу кор эмес ал эмне кылганын билбегидей!Кыргызстанды карызга мойнуна чейин батырып кеткенин баары билет,билбеген адамдын озу жок.
Аша нени жыргатыптыр?бут жакшы иштегендерди четинен жок кылсада кынк эте албадынарго?Мелис Мырзахматов килтейген эстеликтерди тургузду,Ошту соонун кылып озгортуп жатканда Ашан менин артым ачылып калбасын деп бир тээп кирчу жерине киргизип койду,Мелистей иштеген адам болгондо Кыргызстанды эчак эле гулдотуп салмак,Сокенин жумушу да жаман эмес,жакшы эле умтулуп атат козун чоон ачып карагандарга,Ашан болсо даже жакшы суйлошун билбейт болчу озу айтмакчы балп этип койот элего.